Нарын ОИИБи: "Жумгалда көчмө кабылдама иштеп жатат"

Нарын облусунун Жумгал районунда көчмө кабылдама иштеп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"12-октябрь күнү Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын графиктин негизинде көчмө кабылдама менен айыл аймактарды кыдырып келишти. Анда өлкөбүздө болуп жаткан COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылтып албоо максатында бардык санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле айыл тургундарынан арыз даттанууларды кабыл алышып, жеринен чечип берүүгө көмөк көрсөтүп жатышат.

Милициянын көчмө кабылдамасына 12 жаран кабыл алынып, 5 жаран жакшы ой-пикирлерин калтырышкан. Жумгал районунун аймагында мындай иш-чара дагы да уланып турмакчы", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан