Forbes журналынын орус тилдүү версиясы боюнча Өзбекстан менен Тажикстандын тургундары Tiktok тиркемеси аркылуу эң көп киреше тапкан колдонуучу аталышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, басылма орус тилдүү 50 колдонуучусунун кирешесин талдап, алардын арасынан эң көп киреше тапкан 10 адамды аныктады. Бул тизмеге Tiktok`тон тышкары белгилүү болгон блогерлер, музыканттар жана башка белгилүү адамдар кирген эмес.