Америкалык актриса Жейн Фонда 82 жашында интимдик жашоосу жөнүндө үн катты. Бул тууралуу анын берген маеги интернет булактарынын бирине жарыяланды.
Маек учурунда алып баруучу актрисанын сырткы келбетине суктанып, дене түзүлүшүнүн жаш көрүнгөндүгүнө интимдик жашоо себеп болгонбу деп сураган. Берилген суроого ал "жок, карып калдым, жашоомдо ушунчалык көп нерсени өткөрдүм, эми мен каалабайм. Анткени менин интимдик мамилеге убактым жок", - деп жооп берген.
Актриса, ырчы Марвин Гай менен жыныстык катнашка баруудан баш тартканына өкүнгөнүн билдирген.
Жейн Фонда карьерасында 50дөн ашык роль жараткан, "Оскар" сыйлыгынын ээси.