КМШ президенттердин жолугушуусу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

16-октябрга белгиленген КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин видео-конференциясы болбойт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Жолугушуунун күнү жылдырылды" деп билдирген Песков. Анын айтымында, жолугушуунун жаңы күнү жөнүндө азырынча маалымат аныктала элек.

КМШнын Аткаруу комитетинин маалыматы боюнча, жыйындын жылдырылышына дүйнөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле талкууга коюлган маселелерди иштеп чыгуудагы кемчиликтер себеп болду.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекет башчыларынын кеңеши шериктештиктин жогорку органы болуп саналат. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы кызыкчылыктарына байланыштуу бардык фундаменталдуу маселелери талкууланат жана чечилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан