5-октябрдагы кагылышуудан бери дайынсыз болуп жаткан Интернационал үлгүсүндөгү аскердик унаа Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Чолпон айылындагы адырдан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул аймакка дайындалган милиция кызматкерлери аскердик унааны 13-октябрь күнү эртең менен гана табышты. Кечээ, 12-октябрда ушул аймакты издөөдө унаа болгон эмес. Алдын-ала маалыматтар боюнча аскердик унааны түн ичинде келип катып кетишкен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин 5-октябрда жоголгон аскердик унаа Чүй облусунун аймагынан табылгандыгы кабарланган.