5-октябрдагы кагылышуудан бери дайынсыз болуп жаткан аскердик унаа Чүй облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Болот Ибрагимов аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Азыр эле кайдыгер эмес жарандар Чүй облусунун айылдарынын бириндеги талаадан уурдалган аскердик жүк ташуучу унааны табышты. Учурда ал жерге укук коргоо кызматкерлери бара жатат", - деп жазган Ибрагимов.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигине байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.