Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Чыңгыз Айдарбеков өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берип, тышкы дүйнө жаңылыктарга дыкат көңүл буруп, аны менен ар дайым байланышта болушканын, кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсызданууларын билдирип турушканын айтты.
Ал БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, ошондой эле элчи, Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен болгон жолугушуулары жөнүндө маалымат берди.
Бул жолугушуулардын жүрүшүндө БУУнун жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнө конституциянын талаптарын сактоо менен улуттук саясий күчтөрдүн ортосундагы кеңири саясий диалог аркылуу укуктук талаага тез арада кайтып келүү маанилүү экендиги билдирилди.
Мындан сырткары, учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттер укуктук талаада көрүлүп жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасында кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү бардык өкүлчүлүктөрү учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө кабыл алуучу өлкөнүн расмий бийликтерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына, ошондой эле учурдагы кырдаалды укуктук талаада жөнгө салуу максатында көрүлүп жаткан чараларга көңүл буруп жаткандыгын маалымдады.
Эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерин колдошорун, ошондой эле зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосун ыраазычылык менен баса белгиледи.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан