Дубайда заманбап архитектуралык стилдеги жаңы мечит ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, куб түрүндөгү заманбап мечит 500 кишиге ылайыкталып салынган. Анын күнү-түнү иштеши күтүлүүдө. Мечиттин жалпы аянты 14,5 миң чарчы метрди түзөт. Сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен мечиттин ичи көздүн жоосун алат. Курулуш араб архитектурасынын каада-салттарын кайрадан карап чыкты.