Орусияда iPhone 12 смартфондору 23-октябрда сатыкка чыгат

Apple компаниясы Орусиядагы жаңы iPhone телефондорунун бааларын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми орусиялыктар Apple компаниясы сунуш кылган iPhone 12 смартфондорун 23-октябрдан тарта сатып ала алышат. Моделдин баштапкы баасы 69,9 миң рубль (72 миң 16 сом), эң кымбат версиясы 109,9 миң рублдан (113 миң 45 сом) сатылат.
IPhone 12 mini жана iPhone 12 гаджеттери 64 ГБ, 128 ГБ жана 256 ГБ менен кара, ак, кызыл, жашыл жана көк түстө болот. Алар эс тутумдун минималдуу көлөмүн көрсөтүү менен кардарларга 69,9 жана 79,9 миң рублга түшөт.
IPhone 12 Pro жана iPhone 12 Pro Max 99,9дан (103 миң 13 сом) 109,9 миң рублга (113 миң 45 сом) чейин сатылат. Эс тутум сыйымдуулугу - 128 ГБ, 256 ГБ жана 512 ГБ. Гаджеттер төрт түстө берилген - күмүш, кара, алтын жана көк.
Жаңы смартфондордун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - жогорку ылдамдыктагы 5G мобилдик интернеттин жеткиликтүүлүгү. Смартфонго OLED дисплейи жана жаңы, өтө күчтүү айнектен коргоочу керамикалык калкан берилет. Ошондой эле мурунку нускасынан 11 пайызга ичке, 15 пайызга кичирээк жана жеңилирээк болот. Гаджеттин дизайны iPhone 4 жана iPhone 5 телефондоруна, ошондой эле iPad'тын азыркы муунуна окшош. IPhone 12 эки камералуу болот. iPhone 12 Pro Max телефото тартуу үчүн үчүнчү камераны алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2020-10-15 00:21:04
Суроттогу айфон 12би?
0
Bekish-
2020-10-15 03:27:36
bond02,Жок
0
bekbolotabdirasulov
2020-10-15 11:31:29
bond02, ооба ушул 12чи
+1
rola
2020-10-15 08:05:22
5g адамга зыяндуулугу коп болобу?
0
Welcome.
2020-10-16 00:02:53
rola, болбойт
0
Jacob.
2020-10-15 09:05:37
5-6 ай күтүп турсаңар булардын баасы да арзандайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан