АКШ менен Казакстан Сооронбай Жээнбековдун өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу аракеттерин колдой турганына тилектештигин билдиришти
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Твиттердеги баракчасында Сооронбай Жээнбеков мыйзамдуу президент экендигин, анын өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу боюнча иш-аракеттерин колдой тургандыгын жазып чыкты.
"Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан кырдаалдын акырындык менен конституциялык талаага кайтып келишин каалайм, ага биздин өлкө бардык саясий күчтөрдүн каршылашуусу башталганда эле чакырган.
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин мыйзамдуу башчысы, ошондуктан мен анын чыр-чатакты токтотуу жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу аракеттерин колдойм. Кыргыз мамлекети Казакстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары маанилүү", - деп жазган.
Ошондой эле АКШ дагы Кыргыз өлкөсүн конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө чакырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз мамлекетиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"АКШ Кыргыз Республикасын учурдагы кырдаалдан тынчтык жана демократиялык жол менен өтүүнү колдойт. Албетте, демократиялык прогресске тоскоол болуп жаткандардын бири - уюшкан кылмыштуу топтордун саясатка жана шайлоого аралашуусу. Буга 4-октябрдагы шайлоо учурунда добуш сатып алуу, 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында болгон кагылышуу, 10-октябрдагы парламенттин отурумундагы мыйзам бузуулар далил.
АКШ президент Сооронбай Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандардын өлкөнүн саясий турмушун конституциялык түзүлүшкө кайтаруу аракетин колдойт. Жарандар жана лидерлер уюшкан кылмыштуулук менен коррупциянын саясатка тийгизген таасирине каршы күрөштү улантышы керек. Негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдуулукка ылайык келиши керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле АКШ ушул тапта кыргыз элин колдой тургандыгын жана Кыргыз Республикасына коңшу өлкөлөрдү жана эл аралык өнөктөштөрдү Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн урматтоого чакырат.
АКШ менен казактарды айткылачы 199 жеринен кысышсынчы
-2
zamir_kgz
2020-10-14 21:36:02
Djumahmatov,Ошентип кыскыла деп АКШ менен РК айтып жатпайбы болок мамлекеттер кийлигишпегиле эгемендуулугун сыйлагыла деп коншу мамлекеттерге айтып жатат.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.