Орусиянын Саратов облусунда жашы жете элек кызды зордуктап жүргөн деп шектелип 56 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 10 жаштагы кыздын мугалиминин 56 жаштагы досу кыз жалгыз калган учурда үйүнө келип ага сексуалдык аракеттерди жасап жүргөн. Айыпталуучу мектеп окуучусуна 2017-жылдан баштап сексуалдык мүнөздөгү аракеттерин жасап келген. Ал эки жылдан кийин өспүрүм кыздын апасы тарабынан шектелип камакка алынып, иш сотко өткөн.