Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тартууну баштоону жарыялады. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Ага ылайык:
- Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) өкмөттүн аппарат жетекчиси – министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;
- Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;
- Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) өкмөткө караштуу экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);
- Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;
- Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
- Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.