Түштүк судандык модель Ньяким Гатвеч планетанын теги африкалык, эң өзгөчө денелүү адамы катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди.
Укмуштай теги африкалык судандык модель 14 жашында үй-бүлөсү менен Африкадагы качкындар лагеринен АКШга көчүп барган. Классташтарынын шылдыңынан улам Ньяким модель болуу кыялынан баш тартууга даяр эле. Бирок ал өзүн сүйүп, максат коюп, ошол эле учурда моделдик бизнеске киришкен.
Денесинин өзгөчө өңү менен Ньяким башка моделдерден айырмаланып турган. Бул анын ийгиликке жетүүсүнө жардам берген. Ал белгилүү бренддер менен иштөө тажрыйбасына ээ болгон.
Модель "кара түстөр кайгы менен өлүмгө байланыштуу болбошу керек. Мен адамдарга жарык жана сүйүү тартуулаган караңгылыктын ханышасы экенимди далилдегим келет", - деп ал өзү тууралуу пикирин билдирип келет.