Таиландда өкмөткө каршы нааразычылык акциялары болуп жаткан шартта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Таиланд бийлиги Бангкокто акыркы күндөрү өкмөткө каршы нааразычылык акциялары болуп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бангкокто өкмөткө каршы нааразычылык акциясына катышкандар премьер-министр генерал Прают Чан-Очанын токтоосуз кызматтан кетишин талап кылып өкмөт үйүнүн айланасын курчап турган тосмону бузуп өтүшкөн. Ал эми нааразычылык акциясынын лидерлери алгач полиция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылышкан. Митингге 20 миңден ашуун адам катышкан. Ошондой эле элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын сары түстөгү көйнөк кийген элдик кошуун уюштурулган. Ал эми 15 миңден ашуун полиция кызматкерлери чыр-чатактын алдын алуу максатында эч кандай курал-жараксыз иш алып барышкан. Акциянын катышуучуларынын көпчүлүгү студенттер экени айтылат маалыматта.
Ошону менен катар Таиланд бийлиги беш кишиден турган топтордун чогулушуна жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип, кооптонууну туудурган билдирүүлөрдү жана жаңылыктарды жарыялоого тыюу салган.



Таиланддыктар премьер-министрин отставкага кетүүсүн талап кылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekhaliev
2020-10-15 10:32:38
Торт кыргыз болсо ак уйун алып берет
+2
Taalaibek.
2020-10-15 13:38:27
Таластыктарды чакырыш керек экен. Жарым тундо эле алып бермек экен.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан