Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу кызматынан кетерин жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу кесиптештер! Бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем", - деп жазды Нуракун уулу.