"Ала-Тоо" аянтында өткөн нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө Ош шаарынан батир берилди. Бул тууралуу Үмүтбектин атасынын агасы Таалайбек Жуматаев билдирди.
Анын айтымында, батирди меценант Имамидин Ташов Үмүтбектин үй-бүлөсүнө белек кылган.
Эске салсак, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар 5-октябрда борбордук "Ала-Тоо" аянтына нааразычылык митингин өткөрүшкөн. Кечке маал митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, бир нече адам жаракат алып, ооруканаларга кайрылышкан. Кечки кагылышта жабыркаган 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу ооруканада көз жумган.