Президент Сооронбай Жээнбеков Канатбек Исаев жана Садыр Жапаров менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту.
"Мамлекет башчысы аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктады. Иштерине ийгиликтерди каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишеним артты. Президент бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус инфекциясы пандемиясынын экинчи толкунуна, ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле ал кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары, экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды дагы иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин баса белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kuban-1207
2020-10-14 17:36:16
Соке кет кетип кал
+10
Tymar
2020-10-14 17:38:29
Үч кочкордун башы бир казанда кайнабай калды. "Законы толпы" болуп кетти.
+7
NeRiNa
2020-10-14 17:48:04
Кет эле дей бербей,кризистен чыгыш керек.
-8
bessmertiy
2020-10-14 17:54:46
NeRiNa,Туура. Кет деш оңой иштеш кыйын.
-8
AdylbekB84
2020-10-14 19:01:29
[moderated]ка кирсең да, азаттыка кирсең да, суперге кирсең да, башка сайтка кирсең да 10 коментарийнин 3 сү кет, кетип кал! Кетсе эле эмне Кыргызстан Америка же Дубай болуп же болбосо алтын жаайбы? Дүйнөдөгү бизге жардам берчү мамлекеттер даже кошуна мамлекеттер Жээнбековтон башканы тааныбай жатса! Экөөлөп иштеп турсун калганын убакыт көрсөтөт буюрса!
-9
Gulipa
2020-10-15 06:52:02
Президенттик шайлоо болгонго чейин иштейт да, шайлоого жаңы президент келсе кетем деп эле айтып жатат го,элдин тынчтыгы үчүн кетүүгө даярмын деп эле жатпайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан