Бүгүн, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту.
Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдиргендей, жолугушууда Садыр Жапаров президент бүгүн кечинде отставкага кетүүсү боюнча талабын айтты. Президент азыркы учурда бул кызматты таштап кете албай турганын билдирди. Жээнбеков өлкө укук талаасына келгенде, парламенттик шайлоо өтүп, жаңы президентти шайлоо жарыяланганда кетерин белгиледи.