Өлөрүнө бир нече күн калганда үйлөнүү тою өткөн кыздын видеосу жарыяланды

Австралиянын тургуну 23 жаштагы Эшли Симраж аттуу тургуну рак оорусу менен ооруп, өлөрүнө бир нече күн калганда сүйүктүүсүнө турмушка чыккан видеосун кыздын атасы жарыялады.

Атасынын айтымында, өлүмгө алып келген оору менен күрөшүп жаткан кызга дүйнө жүзү боюнча Орусиядан, Түштүк Африка Республикасынан, Португалиядан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн кайдыгер эмес адамдардан көптөгөн колдоо каттары келген.

"Бул биздин жеке видео. Биздин үй-бүлө ар бир адамдын эмоционалдык салымын сезди жана биз аларга ушул видео аркылуу ыраазычылык билдирүү туура болот деп чечтик", - деген атасы.

Атасынын айтымында, кызы рак оорусу менен мындан 3 жыл мурун, 20 жашында ооруп калган. Бул убакыт аралыгында рак денеге жайылып, бир катар маанилүү органдарды жабыркаткан. Узак мөөнөттүү дарылануу кыздын өмүрүн сактап кала алган жок. Дарыгерлер кыздын бир нече күн жашаарын айтышканда, ал сүйүктүүсүнө турмушка чыгууну чечкен.

"Бизге анын бир, балким, үч күндүк өмүрү калды деп айтышкан. Бирок ал тоюна чейин жашады. Бул анын канчалык маанилүү болгонун көрсөтүп турат", - деген көзүнө жаш алган атасы.

Тою өткөндөн кийин Эшли дароо ооруканага жеткирилген. Бирок ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн жакындары менен өткөрүү үчүн үйүнө барууну чечкен. Бир нече күндөн кийин Эшли бул дүйнө менен кош айтышты.

Өлөрүнө бир нече күн калганда үйлөнүү тойу өткөн кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
www.www
2020-10-15 23:45:03
Эх сен өмүр ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан