
Улуу Британиянын ханзаадасы
Гарринин жубайы
Меган Маркл социалдык тармактарда көп отурган колдонуучуларды бангилерге салыштырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Меган Маркл "Fortune" журналы уюштурган кийинки муундагы эң күчтүү аялдардын виртуалдык саммитине катышып, сөзүнүн көпчүлүк бөлүгүн социалдык тармактардын коркунучуна арнаган. Ал өз сөзүндө социалдык тармактарга көп убакыт короткон колдонуучуларды бангилер менен салыштырып, онлайн жашоосу күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланган адамдарга абдан кабатыр экендигин баса белгилеген.