Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Республика боюнча 14-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 330 кылмыш менен жоруктар катталган. Анын ичинен 187и кылмыш, 143ү жоруктар. Ошондой эле бир күн ичинде жалпысынан 16 жол транспорттук кырсык катталып, андан 4 жаран каза болуп, 27 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.
Ыктыярдуу элдик кошуундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.
Өлкөдө ыкчам кырдаал көзөмөлдө жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.
Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат.