Эл аралык компанияда дарыгер болуп иштеген Кыргыз жараны: "Коронавирустун жеңил түрү да оор өтөт экен"

Медиктерди аралыктан окутуу өлкөнүн келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Аларды тез арада кадимки режимде окууга өткөрүү керек. Мындай пикирди социалдык тармактын Ильгиз Сулайманов аттуу колдонуучусу айтып чыкты.

Ильгиз Сулайманов кесиби боюнча дарыгер экени маалым болгондон кийин SUPER.KG порталы аны менен байланышып, кыска маек курду. Өзүн жаш хирург катары тааныштырган Ильгиз жакында эле коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен ооруп айыкканын билдирди.

Өлкөдө коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташып бүтө элек. Ал ортодо COVID-19 инфекциясы дагы кайрадан күч ала баштагандай. Бүгүн, 15-октябрга карата өлкө боюнча коронавирус илдетин дагы 388 жаран жуктуруп алганы маалым болду. Тилекке каршы, коронавирус жана пневмониядан 5 адам каза болду.

- Саламатсызбы? Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз жана коронавирустун экинчи толкуну тууралуу оюңузду айтып өтсөңүз.

- Менин аты-жөнүм Ильгиз Сулайманов. Азыр Эл аралык компаниялардын биринде дарыгермин. (ред: дарыгер иштеген компаниянын аталышы, конфидециалдуу маалыматтарга байланыштуу айтылбайт экен) Буга чейин Ат-Башы районунда мамлекеттик "жаш дарыгердин депозити" деген программанын алкагында эмгектенгем. Кесибим хирург. Коронавирустун экинчи толкуну боюнча бир топ кооптонуу бар. Анткени шайлоо маалында санитардык-эпидемиологиялык талаптар жана нормалар сакталган жок. Андан кийин митинг учурунда да адамдар массалык топтолуп жатышты. Тилекке каршы, элибиз июль айындагы абалдан сабак алган эмес экен. Кечээ жакында мен өзүм илдеттин жеңил түрү менен ооруп айыктым. Сөзгө жеңил түрү деген менен оору аябай оор өтөт экен.

- Келечектеги медицина кызматкерлеринин аралыктан билим алуусуна карата терс пикириңизди билдирген экенсиз...

- Аралыктан билим алуу келекчекте дарыгер болом, медицина тармагында иштейм дегендер үчүн аябай терс таасирин тийгизет. Меним оюмча, медициналык академиянын студенттери кадимки эле режимде окуусун улантса жакшы болмок. Себеби санитардык норма боюнча баарыбыз эле билип калдык. Анын сактоо үчүн жетиштүү кабарыбыз бар. Инфекциялык оорулар тууралуу студенттер маалымат алып, окуп жатышат да. Демек, алар бардык санитардык нормаларды сактоо менен окуусун уланта алат деп ишенем. Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри дагы күчтүү болуш керек деп эсептейм.

- Маегиңиз үчүн рахмат. Оорубаңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан