"Артында президент турат". Алмамбет Шыкмаматов өзүнө кылмыш иши козголгондугун билдирди

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Бир Бол" партиясынан талапкер болгон Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты Шыкмаматов өзү SUPER.KG порталына тастыктады.

"Мага аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуптур. Аскер прокуратурасы президентке баш иет да. Демек, мунун артында президент турат. 6-октябрдагы окуяны булар элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, басып алуу деп эсептеп, дагы эле өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен. Ал окуяларга шайлоо маалында мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн түздөн түз прокуратура күнөөлүү", - деди Шыкмаматов.

Бул тууралуу Башкы прокуратурага байланышып жооп алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан