Аянттагы митингде оң колунан ажыраган 19 жаштагы Ырыскелди: "Түшүмдө колум кайра өсүп калган болот"

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, өлкөдө баш аламандык орун алган. Анда 19 жаштагы Ырыскелди Табышбек уулу алган жаракатынан улам оң колунан ажыраган. SUPER.KG порталы учурда ооруканада дарыланып жаткан Ырыскелдинин абалын сурап, кыска маек курду.

- Ырыскелди, алгач эле ден соолугуң жакшыбы? Маанайың кандай?

- Жакшы буюрса, шүгүр, рахмат. Маанайым дагы жакшы, ак халатчандар тамчылатма дары койгону келгенде жуурканымды ачпастан бул колума сайгыла деп оң колумду көрсөтсөм, медайым жуурканды ачып "апей" деп чочуп кетет. Досторум Инстаграмдан жазып "эмне жооп бербей жатасың" десе, бир колум менен жазып жетишпей жатам деп тамаша кылам. Буюрса, акырындан жакшыбыз.

- Өзүң жөнүндө айтып берчи?

- Мен Ырыскелди Табышбек уулу 2001-жылы Чүй облусуна караштуу Кегети айылында туулгам. Азыркы учурда Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 2-курста сырттан окуу бөлүмүндө билим алам. Өзүм 6 бир туугандын улуусумун. Ата-энем, чоң ата, чоң энем бар, чоң үй-бүлөбүз. Үйдө атам эле иштейт.

- Митингге эмне максат менен баргансың? Ошол күнкү окуя тууралуу айтып берсең, кырсыкка кандайча кабылдың?

- Митинг күнү көпчүлүк жаштар сыяктуу эле адилеттүүлүк издеп аянтка келгем. Ал күнү Токмоктон жумушка келип, саат 7лерде аянтка келдик. Шайлоонун жыйынтыгына бүткүл эл нааразы болду окшойт. Тынчтык митингине келген эл өкмөткө шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарсын деген талапты коюшту. Өкмөт үйүнөн эч ким чыгып жооп бербегендиктен башаламандык болуп кетти. Саат түнкү 12лерде жаныма үн чыгаруучу граната түшүп жарылды. Дароо четке чыгып колумду карасам сөөгүмө чейин быркырап кетиптир. Жанымда жүргөндөргө колумду бекем таңып берип койгулачы деп кайрылсам, көргөндөр жүрөгү түшүп келе албай жатышты. Бир маалда айылдаштарым таанып калып жүгүрүп келишти. Эки Кегетилик бала кан токтобой агып жаткан колумду чүпөрөк менен таңып, ооруканага алып келишкен. Ал жерге барганда врачтар жетишсиз болуп, байланыш жоктугунан операция дагы кеч болду, телефон байланыш жок, эптеп вай-фай менен вотсаптан чалып чакырып, анан кылышты. Ушул учурда кыйналып калдым.

- Азыр барбай эле койсом болмок деп өкүнүп жатасыңбы?

- Башында кичине өкүнүүлөр болду. Мен жарадар болгондо эле колумду кесип саларын билгем. Ооруканага келгиче өзүмдү кадимкидей даярдап келдим. Азыр кичине кыйналуулар болуп жатат, бир колумдан ажыраганымды сыноо катары кабыл алдым. Кол дагы тырмак, чач сыяктуу кайра өсүп кетсе жакшы болмок. Түшүмдө колум кайра өсүп калган болот. Оң колум менен тизгин кармап ат минип жүргөн болом.

- Ырыскелди, кандай максаттарың бар? Эмне тууралуу кыялданасың?

- Мен буюрса, бир колум менен болсо дагы максаттарыма жетем. Үй-бүлөмдү элден калтырбай багайын деген чоң максаттарым бар, мен үйдүн улуусу болгон үчүн ата-энеме жардам берип, аларды багуу менин милдетим, буюрса, кыялдарга жетем деп турам. Бир колум менен болсо дагы үй-бүлөмдү татыктуу багам деген үмүттөмүн. Буга чейин курулуш компаниялардын биринде иштечүмүн. Акча топтоп шаардан үй алууну пландап жаткам.

- Маегиңе ыраазычылык. Ден соолук каалайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AdylbekB84
2020-10-15 15:53:22
Үмүтбектин өлүмү, ушундай инвалид болгондордун, аталардын кайгырганы, апалардын көз жашын төккөнү акталаар бекен эми.
+13
Kona8631
2020-10-16 06:54:24
Уй алып бергиле Эми !
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан