"81 сом 90 тыйын". Өлкөдө доллардын баасы кайрадан жогорулады

Бүгүн, 15-октябрь саат 17:00гө карата АКШ долларынын улуттук валютага карата баасы 81 сом 90 тыйынды түздү.

Ага ылайык, коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 81 сом 40 тыйындан 81 сом 60 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 81 сом 80 тыйындан 81 сом 90 тыйынга чейинки бааны түздү.

Акча алмаштыруу жайларында дагы доллар 81 сом 81 тыйынга чейин көрсөтүлгөн.

Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 80 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн.

Өткөн аптада эле АКШ долларынын сомго карата курсу 79 сом 70 тыйындын тегерегинде кармалып турган. Акыркы 2-3 күндүн мониторинги боюнча доллар 2 сом 10 тыйынга жогорулаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан