Супер фактылар: Адамдын денесиндеги клеткалар 10 жылда бир жаңыланып турарын билчү белеңиз?

Окумуштуулардын айтымында, организм ар 7-10 жылда бир жаңы клетка топтому менен алмаштырылат жана дененин кээ бир маанилүү бөлүктөрү дагы тез жаңыланат. Ушул мезгилде эски клеткалар өлүп, алардын ордуна жаңы клеткалар пайда болот. Дененин айрым бөлүктөрүндө клеткалардын жаңылануусу тезирээк жүрөт, бирок манжалардан башка чейин толук алмашуу үчүн 10 жылга жакын убакыт талап кылынат.
Дене ар кандай жолдор менен жаңыланат. Дененин белгилүү бир аймактарында клеткалардын иштөө убактысы, алардан талап кылынган нерсеге жараша болот. Мисалы, кызыл кан клеткалары төрт ай жашайт, анткени кан айлануу системи аркылуу оор жолду басып өтүшүп, дененин бардык бөлүгүнө кычкылтек жеткиришет.
  • Тери: Эпидермис дененин сырткы коргоочу катмарынын милдетин аткаргандыктан жетиштүү деңгээлде эскирүүгө дуушар болот. Бул тери клеткалары 2-4 аптада бир жаңыланып турат.
  • Чач: аялдарда 6 жылга, эркектерде 3 жылга созулат.
  • Боор биздин организмдеги ар кандай булгоочу заттарды алып салуу менен адамдын денесин тазалайт. Ал туруктуу кан менен камсыз болуп, клеткаларын 150-500 күндө жаңыртып, булгоочу заттардын жана токсиндердин зыянынан коргойт.
  • Ашказан жана ичегилер: Ашказан менен ичегинин үстүн каптаган клеткалардын жашоосу кыска жана татаал. Ашказандагы каустикалык кислоталарга туруктуу дуушар болушкандыктан, алар адатта 5 гана күн жашашат.
  • Сөөктөр: Скелет тутумунун клеткалары дээрлик тынымсыз жаңырат, бирок бүт процесс 10 жылга чейин созулат. Картайган сайын жаңылануу процесси жайлайт. Ошондуктан адам картайган сайын сөөктөр да суюла баштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан