Ош шаарында акыркы жарым ай ичинде санитардык нормаларды бузгандарга 132 миң сом айып салынып, 14 материал укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-октябрда Ош шаарынын "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгында шаардык Жарандык коргонуунун штабынын протоколдук буйругуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана нормаларды сактоо зарылдыгы боюнча рейд өткөрүлдү.
Рейддин жыйынтыгында 25-сентябрдан 14-октябрга чейин гана коомдук тамактануу, соода жана тейлөө багытындагы 475 объект текшерилип, анын жүрүшүндө санитардык талаптарды бузгандарга 132 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган. 14 материал укук коргоо органдарына өткөрүп берилген.
"Рейддин алкагында коомдук тамактануу жайлардын кызматкерлеринин арасында санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Шакиров көчөсүндөгү 15ке жакын коомдук тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү жана тейлөө жайлары текшерилип, карантиндик эрежелерди, анын ичинде бет кап режимин жана социалдык аралыкты сактоо эрежелери боюнча мурда эскертилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга административдик айып салынды.
Муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери рейддердин негизги максаты - санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого чакыруу, коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү экендигин баса белгилешти", - деп жазылат билдирүүдө.