Премьер-министр Садыр Жапаровдун ден соолугу жөнүндө айтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Садыр Жапаров учурда иш ордунда.
Буга чейин айрым маалымат булактары Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара албай калганын жазышкан.