Саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери болуп келген Өмүрбек Текебаев кайрадан депутаттык мандатына ээ болду. Бул тууралуу маалыматты БШКдан тастыкташты.
Маалыматта "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартканы жана БШКнын төрайымына анын мандатын партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге берүү боюнча арыз менен кайрылганы айтылат.
БШК "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин арызын карап чыгып, аны көпчүлүк добуш менен канааттандырды.
Буга чейин, 10-октябрда Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганы маалымдалган. БШК Текебаевдин арызын карап, депутаттык бош мандат жоктугуна жана БШК мүчөлөрү толук курамда чогулбагандыгына байланыштуу чечим кабыл алынган эмес.