Кремлдин басма сөз катчысы Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча оюн айтты

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча оюн айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Песковго журналисттер тарабынан "Сооронбай Жээнбековдун бийликтен баш тартышы жоопкерчиликтүү кадам болдубу же анын алсыздыгын көргөздүбү?" деген суроо берилди.

"Сооронбай Жээнбековдун кадамын эмоционалдык критерийге таянып баалоо мүмкүн эмес. Абалды турукташтырууга жана конституциялык нукка кайтууга багытталган бардык аракеттер жардам берет. Абал тез арада тынчыйт деп ишенебиз", - деп жооп берди Песков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан