Индияда күйөөсү тарабынан бир жарым жылдан бери дааратканада камалып жашаган аял полициянын жана социалдык камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бир жарым жыл бою 0,8 чарчы метр аянттагы дааратканада камалган аял тууралуу кошуналары полицияга кабарлаган. Куткарылган аял ушунчалык алсыз болгондуктан, өз алдынча баса албай калган. Жабырлануучу
ооруканага жаткырылган. Ал эми анын жолдошу өзүн актоо үчүн аялын "психикалык жактан жабыркайт" деп айткан. Бирок текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жабырлануучу психикалык жактан дени сак экендиги аныкталган.
Жубайлар 17 жыл чогуу жашап, үч балалуу болушкан.