Башына тешик түрүндө татуировка тарттырган кишинин сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Инстаграм тиркемесине жарыяланган бул сүрөт журналисттердин дагы көңүлүн бурган.
Мэтт Персон аттуу АКШнын татуировка тарткан жараны Юта штатында "Zion Tattoo" аттуу студияны иштетет. Анын айтымында, ал досу Райандын башына оптикалык иллюзиянын формасындай сүрөт тарткан. Сыянын жардамы менен ал кишинин башынын артына көлөкө түшүрүп, бир чекитке жакындаган тилкелерди тартып жүрүп отуруп, варонка сымал элести берген.
“Райандын башына адамдын оюна келбеген укмуштуудай нерсе тарттым”, - деп жазып Инстаграм катталуучуларынан бул өзгөчө эскиз силерге жактыбы деген суроону калтырган.
Аталган пост интернет желеси аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна тарап, көптөгөн "жакты" белгилерин алган. Ал эми интернет колдонуучулары татуировка таркан Мэтт Персонго мактоо сөздөрүн жазышып, анын талантына баа беришүүдө.