Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде Новосибирсктеги "Вектор" борбору коронавируска каршы орусиялык экинчи вакцина катталганын билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Вице-премьер Татьяна Голикованын айтымында, "ЭпиВакКорона" вакцинасы коопсуз, алгачкы 60 миң дозасы жакынкы күндөрү чыгарылат.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектер 1-январдан тарта жарандар үчүн колдонууга чыгарын ырастаган.
"Вакцина 14-21 күндүк аралык менен эки жолу тамырга 0,5 миллилитр дозада колго сайылат", - деп жазылган дарынын көрсөтмөсүндө.
Буга чейин Орусиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.