Каракол шаарынын милициясы жоголуп кеткен баланы ата-энесине таап беришти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын милициясы жоголуп кеткен баланы ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-октябрь күнү Каракол ШИИБинин кызматкерлери шаар ичинде коронавирус илдетин алдын алуу жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышкан. Болжол менен саат 13:00 чамаларында шаардын борборунда жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан мезгилде аларга бир адам кичинекей бала менен келип, бала жоголуп кеткенин билдирген.

"Алгач, милиция кызматкерлери баланын атын жана жашаган жерин билүүгө аракет кылышкан. Ал бул жерге жалгыз кандайча келип калганын жакшы түшүндүрүп бере алган эмес. Кызматкерлер жоголуп кеткен баладан тийиштүү жоопту ала албаган соӊ, өспүрүмдү бөлүмгө алып келишкен.

Эки сааттан кийин милицияга жоголуп кеткен баланын ата-энеси кайрылышкан. Таенесинин айтымында, түшкө жакын небереси тышка чыгып, көчөгө ойноп кеткен. Түшкү тамактанууга чакырайын деп тышка чыкканда, небересин таппай калган. Үч саатка жакын издөө иштери натыйжасын бербегенден кийин, Каракол шаарынын милициясына кайрылганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан