Коронавирустан каза болгон Эркинбек Тезекбаевге "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги" наамы ыйгарылды

Өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Эркинбек Тезекбаевге каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги» спорттук наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

16-октярбь күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов маркум Эркинбек Тезекбаевдин үй-бүлөсүнө күбөлүк жана төш белгини тапшырды.

Канат Аманкулов маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, кыргыз спорту чоң жоготууга учураганын белгилеп: "Эркинбек агай өлкөдө таяк тартыш спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошту. Анын жетекчилиги астында Кыргыз курама командасы ири эл аралык мелдештерге катышып, өзүн күчтүү командалардын бири катары көрсөтө алды. Ал абдан жакшы адам эле, балдарына гана эмес, жаш спортчуларга да камкор ата болгон", - деди.

Мас-рестлинг федерациясынын вице-президенти Эркинбек Тезекбаев июль айында 57 жаш курагында коронавирус инфекциясынан күтүүсүздөн көз жумган.

Эркинбек Тезекбаев мас-рестлинг боюнча эл аралык категориядагы калыс. Самбо боюнча СССРдин спорт чебери. 2013-жылы Улуттук мас-рестлинг федерациясын ачып, таяк-тартыш спортун өнүктүрө баштаган.

II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мас-рестлинг боюнча курама команданын мүчөлөрү мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болушкан. Эркинбек Тезекбаев төрт баланы - үч кыз жана бир уулду тарбиялап өстүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан