Тоолуу Карабахта сутка ичинде 29 аскер кызматкери каза болду

Тоолуу Карабах Республикасында сутка ичинде 29 аскер кызматкери каза болду. Бул жөнүндө аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда Карабахта каза болгон аскер кызматкерлеринин саны 600гө жетти. Ал эми жума күнгө карата дагы 29 аскер кызматкери каза болгон.
9-октябрда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Орусиянын президентинин чакыруусу менен Москвага келип, 10 сааттан ашуун сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 10-октябрь күнү түштөн кийин тараптар Карабахтагы ок атууну токтотууга, туткундарды жана каза болгон жарандардын сөөктөрүн алмашууга, ошондой эле элдешүүнүн конкреттүү деталдары боюнча макулдашкан. Бирок ишемби күнү тараптар ок атышпоо келишимин бузду деп бири-бирин айыптай башташкан.

Армения-Азербайжан кагылышуусу 27-сентябрда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2020-10-16 18:29:25
Жок жерден оздоруно тозок кылбастан качан согушу жок жашоо болот экен жаш омурлор кыйылып жатпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан