Тажикстандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы кайсы күнү өтөрү белгилүү болду

Тажикстандын кайрадан шайланган президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, 30-октябрда өлкө парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт. Тажикстандын мыйзамы боюнча, президент расмий түрдө ишке киришүү үчүн эки палатанын биргелешкен жыйынында ант берүүсү зарыл.

Эске салсак, Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайыз добушун алган Эмомали Рахмон кайрадан өлкө башчылыкка келген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан