"Microsoft" корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска байланыштуу кырдаал курчушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Күз жай мезгилине салыштырмалуу кыйла начар", - деп билдирди Гейтс.
Анын айтымында, учурда оору жуктуруп алгандардын саны көбөйүп баратат. Вакцина чыкканга чейин вируска каршы күрөшүүнүн бир гана жолу бар, бул - бет кап тагынуу.
"Тилекке каршы, адамдар вируска каршы күрөшүүдө чарчашат. Көпчүлүк адамдар буга терс көз карашта болушат. АКШда бет кап тагынуу андан да жаман", - деп кошумчалады ал.
Билл Гейтс буга чейин коронавирус пандемиясы 2022-жылы бүтөрүн айткан.