Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 17-январда өтүшү мүмкүн

Кыргыз өлкөсүндөгү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болжол менен 17-январда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда өткөн БШКнын кезексиз жыйынында анын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Болжол менен кайра парламенттик шайлоо 20-декабрга дайындалат. Жыл аягына чейин он күндүн ичинде парламент түзүлүшү үчүн, анын жыйынтыгын чыгаруу керек. Кезексиз президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Алар болжол менен 17-январда өтүшү керек", - деди Шайлдабекова.

Кыргыз өлкөсүнүн бешинчи президенти болгон Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Анын милдетин парламенттин спикери алуудан баш тартып, президенттик кызмат өкмөт башчы Садыр Жапаровго өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан