
Бүгүн, 16-октябрда УКМКнын башчысы
Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берүүдө.
"Коррупциялык системди, кандайдыр бир маалыматтарды билсеңиздер бизге кабарлаңыздар. Биз коррупцияны жеңебиз же бизди жемкорлор жеңет", - дейт Ташиев.
"Сиз буга чейин УКМКда иштебеген экенсиз" деген суроо берилди.
"Ооба, бул бир чети жакшы болду. Бул жакта өз кызматын мыкты билгендер жардам берет деп ойлойм. Бирок мен кезинде министр болуп иштедим, генерал деген наам алганмын, бул жаатта иштебегеним жаңыча иш жүргүзүүгө өбөлгө болот", - деп жооп берди.