Жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алгачкы иш күнүн өзү мурда иштеп кеткен №1 шаардык клиникалык оорукананын абалы менен таанышуудан баштады. Бул тууралуу Сыймык Сапаров аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.
"Бүгүнкү таң жакшы жаңылык менен башталды. Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган профессор Алымкадыр Бейшеналиев шаардык №1 клиникалык ооруканага келип кетти. Анда ал администрациянын жасап жаткан иштери менен таанышты. Дарыгерлер менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 менен жабыркаган бейтаптарга жардам көрсөтүү боюнча даярдыктар тууралуу сүйлөштү", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев өкмөт башчы Садыр Жапаров түзгөн өкмөттүн курамына кирген. Ал 15-октябрда саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган.