Ош облусунун аймагына жети санитардык блокпост коюлду

Ош облусунун аймагына кирип-чыгууга чектөөлөр коюлуп, ар бир райондун кире беришине жети санитардык блокпост коюлду. Мындан сырткары Ош-Бишкек жолунда катталган кичи автобустардын каттамына тыюу салынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди коронавирус илдети менен каршы күрөшүү үчүн облустук штаб кабыл алган.

"Облус аймактарында коронавирус көп катталып жатканына байланыштуу блокпосттор эскертүү катары коюлду. Бир аймактан экинчи аймакка жолго чыккан жүргүнчүлөрдүн санын кыскартып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сөзсүз түрдө аралык сакталышы керек. Бет кап тагып, коргоочу каражаттар болуусу шарт. Ошондой эле Ала-Белде кар жааганына байланыштуу автобустар менен Бишкекке каттоого тыюу салынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан