Теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалынын эфиринде актриса Анастасия Заворотнюк ага байланышка чыкканын айтты. Программа Николай Басковдун туулган күнүнө арналган.
Анда Малахов Заворотнюк студияга чалып, ырчыны куттуктагысы келгенин айткан. Басковго бул учур жагымдуу болуп, катуу оору менен күрөшүп жаткан актрисаны колдой тургандыгын айтып, ага ыраазычылык билдирген.
"Анын ооруп калганын угуу мен үчүн чоң сокку болгон. Анастасияны эң жакшы түшүнөм, анткени мен бул нерсени жакын адамым менен башымдан өткөрдүм. Настя бизге керек жана ал биз үчүн кымбат экендигин айткым келет", - деген Басков эфир учурунда.
Актрисанын оорусу тууралуу маалымат өткөн жылдын август айында белгилүү болгон. Айрым маалымат каражаттары ал баш мээнин шишиги менен жабыркап жатканын жазышкан. Бирок буга Заворотнюктун туугандары эч кандай комментарий беришпей, кийин алар актриса дарыланып жаткандыгын маалымдашкан.