WhatsApp тиркемесине жаңы функция кошулат

WhatsApp тиркемесине жаңы функция киргизилет. Анын жардамы менен мессенжердин ичиндеги атайын чаттан колдоо кызматына байланышса болорун аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Android үчүн 2.20.202.7 тиркемесинин бета-версиясынын оңдоп-түзөөлөр менюсунда жаңы бөлүм пайда болот. Анда колдонуучу көйгөйлөр жөнүндө сурам түзүп, атайын чаттан техникалык адис менен байланыша алат.

"Аталган кызмат учурда иштелип чыгууда, жакынкы күндөрү даяр болот" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул тапта мессенжердин колдоо кызматына кайрылуу үчүн электрондук дарегине кат жөнөтүү керек болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан