Ремдесивир, гидроксилхлорохин, лопинавир, ритонавир жана интерферон менен бириктирилген дарынын түрлөрү COVID-19га кабылгандарды дарылоо, анын кесепетинен келип чыккан өлүмдү азайтууда майнапсыз болуп чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ДССУ) уюмунун расмий өкүлү Тарик Язаревичтин билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай жыйынтыкка Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дарыларга жүргүзүлгөн алты айлык изилдөөнүн негизинде келген.
"ДССУ терапиялык дарыларды тесттен өтүү боюнча иликтөө жүргүзгөн. Алдын ала берилген бүтүмдө, ремдесивир, гидроксилхлорохин, лопинавир, ритонавир, интерферон COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылоодо жана өлүмдү азайтууда жардамы өтө аз экени аныкталды, ал тургай жардам болгон деле эмес", - деп билдирген Язаревич.
Белгилей кетсек, жума күнү уюм эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн алты айлык изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.