"Обонун салып каалаган ырды тапса болот". Google тиркемесинде жаңы функция

Google сервиси каалаган музыканы ырдап же ышкырып тапканга мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланган.

Жаңы функция "Hum to search", кыргызчага которгондо "Издеш үчүн ырда" деп аталат.

Ырды издеш үчүн колдонуучу микрофонду басып, ырдын аталышын айтыш керек же болбосо "ыр тандоо" баскычын басуу зарыл. Google сервисин колдонуп жүргөндөр каалаган музыкасын табыш үчүн "Google, бул кандай ыр эле?" деп туруп музыканын обонун 10-15 секунд ырдаш керек.

"Жаңы функция iOS жана Android колдонуучулары үчүн 20 тилде жеткиликтүү болот. Анын ичинде орус тили дагы бар. Аны колдонуу үчүн Google тиркемесин акыркы версияга чейин жаңылаш керек", - деп жазылат маалыматта.

Аталган функцияны колдонуп көргөндөр видеонун алдына билдирүүлөрүн калтырып, ал Shazam функциясынан алда канча жакшы экенин жазышкан.

Адистердин айтымында, бул жаңы функция ырды аудиожазуу менен тапкан Shazam сервисин жокко чыгарышы мүмкүн.

Обонун салып каалаган ырды тапса болот. Google тиркемесинде жаңы функция
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан