Кулактын угуусунун начарлашы коронавирус инфекциясынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу Лондондогу университеттердин биринин окумуштуулары билдиргенине таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда COVID-19 диагнозу коюлган бир нече бейтап сырттагы тоскоолдуктарсыз эле кулагы тунуп, зыңылдаган үн угулуп жатканын айткан. Ошондой эле коронавирусту оор көтөргөндөрдүн арасында кийин дагы жакшы укпай калгандар болгон.
"Буга байланыштуу дарыгерлерди бейтаптардын угуусунда болгон өзгөрүүлөргө көңүл бурууга чакырабыз.Ошол эле учурда кулактагы үндөр башка илдеттерден дагы болушу мүмкүндүгүн эскертебиз. Ошондуктан эгерде бул симптом коронавирустун кеңири тараган белгилери менен айкалышса гана тынчсыздануу керек", - деп билдиришти окумуштуулар.