Кечээ, 18-октябрда Беларустун Минск шаарында нааразычылык акциясы өткөн. Бул митингден сүрөттөрдү Беларустук басылмалар жарыялашты.
Анда калпак кийген эркек кишинин сүрөтү да бар. Бул Минсктеги нааразычылык акциясынын 71-күнү болду.
Эске салсак, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Мындан ал массалык акцияга айланып кеткен.