Эне тилге эки мүнөт: "Кудалар кыздын атасыныкында жатканда "чал жыгарыбызды бергиле" деп абышкалар келишет". Чал жыгар деген эмне?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Ал пейим - ак көңүл, мүнөзү жөнөкөй, кичи пейил. Мисалы: Сиздин ал пейим болгондугуңузга кара башым тартуу. (К.Осмоналиев)
2. Чал жыгар - кыз берүү салтына кирүүчү ырым-жырым. Мисалы: Кудалар кыздын атасыныкында жатканда "чал жыгарыбызды бергиле" деп абышкалар келишет. ("Ала-Тоо")
3. Аягы суюк - жүрүш-турушу начар, жүдөөк, туруксуз, жеңил мүнөз. Мисалы: Аягы суюк зайыпка, кыйшаңдуу айткан сөз жакшы. ("Мендирман").
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан