Хакердик чабуул жасалган Жогорку Кеңештин сайты кайра калыбына келтирилди

Жогорку Кеңештин расмий сайтына хакерлер чабуул жасашып, сайт бир нече убакытка иштебей калган. Учурда сайт кайра калыбына келтирилгенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сайт калыбына келтирилди. Учурда адистер сайттын коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Хакердик чабуул өкмөттүн аппаратында иштеген кызматкерлердин биринин же бир нечесинин компьютери тарабынан жасалганы белгилүү болду. Ал компьютерлер 5-6-октябрь күндөрү болгон баш аламандык учурунда уурдалган. Анда сайттын администрациясын көзөмөлдөө үчүн сыр сөздөр сакталган", - дешти мекемеден.

Буга чейин Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматтар жеткиликтүү болбой, ар бир бөлүмдө "The Black Pirate" тобу тарабынан көзөмөлгө алынган" деп жазылган.

"Логиндер жана паролдор, жеке маалыматтар, телефон номерлер, ошондой эле бир нече мамлекеттик сайттар биздин көзөмөлүбүздө. Даркнет тармагына жарандардын, мамлекеттик кызматкерлердин жеке маалыматтары, алардын почталары, паролдору жана логиндери жайылып кетпеши үчүн 10 миң доллар кун төлөөнү сурайбыз", - деп айтылган хакерлердин билдирүүсү деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан